«Телактын» не кереги бар?»: Оштун мэри «Базар» дирекциясынын башчысы тилдеди

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кечээ, 14июль күнү Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасында шаардагы мекеме-ишкана жетекчилерине көчмө аппараттык жыйын өттү, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мында жетекчилерге бир нече тапшырмалар жана талаптар коюлуп, жоопкерчилик менен ыкчам жумуштарын аткарууну милдеттендирген.
 
Анда Жеңишбек Токторбаев «Базар» дирекциясынын башчысы Чыңгыз Шерматовду күзөтчүлөр менен жүргөнү боюнча тиледи. Мэрдин айтымында, базар башчысына күзөтчүлөрдүн керекги жок.
 
« «Ош» базар боюнча, Чыңгыз, бери бас,  базардын баары дээрлик көчүп бүттү, ээ?»,- деп суроо салды мэр. 
 
Чыңгыз Шерматов: «Дээрлик баары көчүп бүттү»,- деп жооп берди ал.
 
Жеңишбек Токторбаев: «Көчүп бүттү, соода иштери башталды. Расмий ачылышын качан кылалы? Шоколад базарды көчүрөлү. «Келечек» базарын көчүрөлү, анан кылалы, ээ расмий ачылышын?
 
Чыңгыз, сага эскертүү, сен жакшы жигитсиң. Сен жакшы, тартиптүү баласың. Бардак да базардын ичичи. Тазалаш керек да, таза турушу керек. Сен жакшы баласың, бирок, мындай кирсең эле базардын баарында таштанды жатат. Анан сен жанагыңы токтотчу. Өзүң ортодо жүрүп, алдыңдагы 3-4 күзөчүлөрүңдү калтырып койчу»,- деди мэр.
 
Чыңгыз Шерматов: «Жок-жок...».
 
Жеңишбек Токторбаев: «Күзөтчү эмеспи алар?Калтырчы жанагыларыңды. Сенде анан Нурланда (Жаңы автовокзалдын директору) «телактар» көп да. Алдыңда, неге, ким тиет сага, айтсаң?»,- деди мэр.
 
Чыңгыз Шерматов: «Жо-жок, алар...».
 
Жеңишбек Токторбаев: «Нурлан, сага ким тиет,  айтсаң, 3-4ө менен жүрөсүң да. Мен безохрана эле жүрөм го. Модабы бул? Сен мындай алдыда жүрөсүн, аркаңда экөө, эки жамбашыңда экөө жүрөт. Чыңгыздын арка-алдында 3-4ө тороп жүрөт, не бул? Модабы? Ким тиет силерге, болгону базарком болсоң. Сен (Нурлан Тиленчиев) автовокзалдын директору болсоң. Ошону токтоткула!
 
Чыке, түшүндүңбү, тазалап, базар жалтырап турушу керек, түшүндүңбү? Нурлан, сага дагы эскертүү, экөөңө эскертүү»,- деген ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз