Саламаттык сактоо министрлиги медайымда менен айдоочулардын айлыгы канчалык жогорулаганын айтты
Кыргызстанда саламаттык сактоо уюмдарында иштеген техникалык жана кенже кызматкерлердин айлыгы көтөрүлдү. Саламаттык сактоо министрлиги алардын маянасы канчага жогорулаганын маалымдады.
2025-жылдын 1-майынан тартып бул категориядагы кызматкерлердин эмгек акысы 20%га көбөйдү. Бул өзгөрүү кенже медициналык кароочуларга, санитарларга, тез жардам айдоочуларына жана саламаттык сактоо мекемелеринин иштешин камсыздаган башка кызматкерлерге тиешелүү.
Кенже медициналык кароочу (медсёстра):
мурун — 13 240 сом,
азыр — 15 606 сом.
Тез жардам автоунаасынын айдоочусу (арнайы жарыгы бар):
мурун — 21 597,2 сом,
азыр — 26 499,2 сом.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул чараны ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 500,9 млн сом каралган. Жалпысынан 16 286 кызматкердин айлыгы жогорулатылат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.