Ташиев Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын кармоону талап кылды

6-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги Новопавловка айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолукту, деп жазат "Сводка АКИпресс".

«Регион ТВ» телеканалынын маалыматына караганда, ал жеринде өткөн көчмө жыйында айыл өкмөтүндөгү парк курулушу жана каражаттардын пайдаланылышы менен таанышты. Ошондой эле ал өзүнүн кызматкерлерине Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын, подрядчиктерди жана техникалык көзөмөл кызматкерлерин кармоону буйруду.
 
«Сен президенттин кайрылуусу менен жакшы таанышкан эмессиң [Ташиев айыл өкмөткө кайрылып жатат деген божомол — ред.]. Президент айткан: эгер мамлекеттик акча туура эмес колдонулса, жеп-жутулса же элдин пайдасына иштетилбесе, биз аны тактап табабыз. Биринчиден, он эселеп кайтарасыңар, экинчиден, түрмөгө отурасыңар. Түшүндүңбү?» – деди ал жана андан соң өзүнүн кызматкерлерине кайрылды:
 
«Айыл өкмөтүнөн баштап, ишке ашыруучулар жана техникалык көзөмөлчүлөр — баарын кармагыла, калыс иликтөө жүргүзүп, жоопкерчиликке тарткыла», – деди.
 
«Так точно», – деп жооп берди УКМКнын бир кызматкери жана кесиптештери менен бирге кармалгандарды алып кетишти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз