Бишкек: Мамакеев ооруканасында чуу чыгарган жаран кармалды

Ленин райондук ИИБи 18-июлда билдиргендей, бейбаштыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу "Сводка АКИпресс" жазды.

2025-жылдын 17-июлунда болжол менен саат 19:20 чамасында Ички иштер органдарына М.М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун кабыл алуу бөлүмүндө бир жигит өзүн адекватсыз алып жүрүп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Ал медициналык кызматкерлерге асылып, уят сөздөрдү сүйлөп, коомдук тартипти бузган.
 
Саат 19:23тө дагы бир жаран милицияга кайрылып, жигит оорукана кире беришинде токтоп турган «Фольксваген Гольф 4» үлгүсүндөгү унаасын жараксыз кылып салганын билдирген. Ошондой эле, «Тез жардам» унаасына да зыян келтирилгени тууралуу маалымат түшкөн.
 
Саат 19:39да ооруканада жаткан дагы бир бейтап милицияга кайрылып, жогорудагы жигит анын 18 жаштагы уулун уруп жибергенин билдирген.
 
Бул факт КРнын Жазык кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча катталып, Ленин райондук ИИБинин тергөө-опердик тобу тарабынан 1998-жылы туулган О.Д. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
 
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
 
Милиция коомдук тартипти бузуу, агрессия көрсөтүү жана башкалардын мүлкүнө зыян келтирүү кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Мыйзам сакчылары жарандарды коомдук жүрүм-турум эрежелерин сактоого, айланадагыларды урматтоого жана алардын коопсуздугуна көңүл бурууга чакырат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз