Орусиянын депутаты Ханты-Мансийскти «өзбектердин мекени» деп атаган үчүн мандатын жоготту.

Ханты-Манси автоном округунун (ХМАО) Думасынын депутаты Халид Таги-заде май айында бул аймакты "өзбектердин тарыхый мекени" деп атаган билдирүүсүнөн кийин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, деп жазат "CentralAsia".

«Коммерсант» басылмасынын жазышынча, анын бул билдирүүсү коомчулукта кеңири талкуу жаратып, алгач депутатты экстремизм боюнча текшерүүгө алуу талабы коюлуп, кийинчерээк ал акы төлөнүүчү кызматынан бошотулган. Бирок прокуратура да, Ички иштер министрлиги да анын сөздөрүнөн мыйзам бузуу тапкан эмес. Саясат таануучулардын пикиринде, мырза Таги-заде жалпы мигранттарга каршы маанай күчөгөн учурда "карапайым калктын кыжырын келтирген" болуп калды.
 
"Мигранттар ар түрдүү болот. Өзбектер тууралуу айтсам, биздин Югра жана Төмөн облусунун айрым бөлүктөрү тарыхый жактан Сибирь хандыгынын курамына кирет. Ал жерде хан Күчүм башкарган, ал Бухара хандыгынан чыккан Шибаниддердин өзбек династиясына таандык. Балким, мигранттар бул жакка өздөрүнүн тарыхый мекенине келип жатышкандыр", — деп билдирген Халид Таги-заде мигранттардын арасында төрөлүү деңгээлинин өсүшү боюнча талкуу учурунда.
 
Сибирь хандыгы — XV–XVI кылымдарда Батыш Сибирь аймагында (бүгүнкү күндөгү Төмөн, Омск жана Свердлов облустарынын айрым аймактары) болгон түрк-мусулман мамлекети. 1598-жылы бул хандык Орусия падышачылыгы тарабынан басып алынып, анын курамына кирген.
 
Хан Күчүм — Сибирь хандыгынын акыркы башкаруучусу болгон, Чыңгыз хандын тукумдарынын бири, Шейбани-хандын урпагы болгон.
 
Шейбани-хан 1500-жылы Самарканд менен Бухараны Тимурдун тукумдарынан тартып алып, Шейбаниддер хандыгын негиздеген.
 
1598-жылы Шейбаниддер династиясы тактан кулатылып, алардын ордуна Чыңгыз хандын астрахандык бутагынан чыккан Аштарханиддер келип, Бухара хандыгынын тарыхы жаңы баскычка өткөн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз