Кыргыз улуттук университетине Нарын, Талас жана Баткендени университеттерди кошуу сунушталууда
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Нарын, Талас жана Баткен мамлекеттик университеттерин кошуу сунушталууда. Президенттин жарлыгынын долбоору коомдук талкууга коюлду.
Бул демилгенин автору — Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги.
Министрликтин айтымында, Нарын, Талас жана Баткен мамлекеттик университеттерин КУУга кошуу — билим берүү реформасынын маанилүү этабы болуп эсептелет. Бул кадам аймактарда адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга, илимдин өнүгүшүнө жана инфраструктураны жаңыртууга багытталган.
ЖОЖдорду бириктирүү бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүп, илим менен билимдин интеграциясын күчөтөт жана жаңы форматтагы — заманбап жана атаандаштыкка жөндөмдүү университеттин пайдубалын түзөт.
Министрликтин маалыматына караганда, ири университеттер көп мүмкүнчүлүк берет: лабораториялардын ачылышы, илимди өнүктүрүү, изилдөөчүлөрдү тартуу жана ири долбоорлорго катышуу. Кадрдык жана каржылык ресурстарды топтоо академиялык деңгээлди жогорулатып, таланттарды өлкөдө кармап калууга шарт түзөт.
Бириктирилчү ЖОЖдордо 35 миңден ашуун студент жогорку кесиптик билим берүү (ЖКББ) программалары боюнча жана 16 миңден ашуун студент орто кесиптик билим берүү (ОКББ) программалары боюнча окуйт. Негизги багыттар — педагогика, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (ИКТ), айыл чарба, энергетика, экология, саламаттык сактоо.
Министрлик белгилегендей, бириккен изилдөө университети атаандаштыкка жөндөмдүү тармактар үчүн негизги компетенцияларга ээ адистерди даярдаган жана алдыңкы технологияларды жарата алган борборго айланат. Анын ишмердүүлүгү аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программалары менен байланышта болуп, компанияларды билим жана технология аркылуу колдоого багытталат.
Кыскартуулар:
ЖКББ — Жогорку кесиптик билим берүү;
ОКББ — Орто кесиптик билим берүү;
ППС — Профессордук-окутуучулук курам.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.