Билим берүү министрлиги мугалимдин Түркияда кармалышына тиешесү жоктугун билдирди

Массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы К. Карасаев атындагы балдар лицейинин мугалими Азамат Нурматовдун Түркияда кармалгандыгы боюнча тараган маалыматтарга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет.

Билим берүү жана илим министрлиги Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан эл аралык математика олимпиадасына мектеп окуучуларынын катышуусуна жана алардын өлкөдөн чыгуусуна эч кандай тиешеси жок экенин билдирет. Бул сапардын бардык уюштуруу маселелери, анын ичинде тандоо, коштоп баруу жана логистика маселелери жеке «Zeen Education» билим берүү компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн.
 
« "Zeen Education" компаниясынын директору Айнура Мамашариптин расмий маалыматына ылайык, 2025-жылдын 20-апрелинде Кыргызстандан 36 окуучу, 4 ата-эне жана 3 мугалимден турган делегация олимпиаданын уюштуруучуларынын чакыруусу менен Анталия шаарына келишкен. Окуучулар ата-энелеринин нотариалдык макулдугу менен «Zeen» компаниясынын өкүлдөрүнүн коштоосунда сапарга чыгышкан. Ал эми окуучулар көзөмөлсүз калган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда окуучулар коопсуз шартта олимпиадага катышып жатышат, алардын Кыргызстанга кайтып келүүсү 2025-жылдын 25-апрелине белгиленген»,- деп айтылат маалыматта.
 
Окуучулар «кароосуз калган» деген маалымат чындыкка туура келбейт. Компаниянын өкүлдөрү бүткүл сапар бою балдарды коштоп жүрүшөт жана көзөмөлдү камсыз кылышууда.
 
Билим берүү жана илим министрлиги кырдаалга байкоо салып, Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Түркия Республикасындагы элчилиги менен байланышта болууда.
 
Ошондой эле, Билим берүү жана илим министрлиги олимпиадаларды, сынактарды жана окуучулар менен студенттердин катышуусундагы башка иш-чараларды уюштурган жеке уюмдарга кайрылып, иш-чара өтө турган өлкөлөрдөгү кырдаалды эске алууну жана мүмкүн болгон жагымсыз окуяларга жол бербөө үчүн мындай иш-чараларды Министрликтин аймактык бөлүмдөрү менен сөзсүз түрдө макулдашып өткөрүүнү сунуштайт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз