Кыргызстандагы мектептерде кыргыз тилинен жазуу жана оозеки өтүү экзамендери милдеттүү түрдө киргизилет
Кыргызстандагы мектептерде кыргыз тилинен жазуу жана оозеки өтүү экзамендери милдеттүү түрдө киргизилет, деп жазат "Билим АКИпресс" басылмасы.
2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча республикадагы бардык менчик формаларына жана окутуу тилдерине карабастан, жалпы билим берүү уюмдарынын 5-6-класстарынын окуучулары, ал эми 2025-2026-окуу жылынан баштап 7, 8 жана 10-класстардын окуучулары кыргыз тили сабагы боюнча жазуу жана оозеки өтүү (класстан класска) экзамендерин тапшырышат.
Кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде окуткан мектептерде 5-класстардын экзамендери 27-28-май күндөрү, ал эми 6-класстардын экзамендери 29-30-майда өтөт.
Экзамендерди уюштуруп өткөрүүнү Билим берүү министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти жүргүзөт.
Билим берүү министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аркарбек Мамытов АКИpress агенттигине өтүү экзамендеринин негизги жагдайлары тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, бул экзамен эмне үчүн киргизилди:
Бул экзамен Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы – «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» жана 2024-жылдын 28-февралындагы №1909-VII Жогорку Кеңештин токтому менен 2023-жылдын 18-январындагы №864-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимди ишке ашыруу максатында киргизилип жатат.
Экзамен эмнелерди камтыйт:
- Комплекстүү тест:
- Лексика-грамматика;
- Окуу жана түшүнүү;
- Угуу (аудирование);
- Жазуу иши (диктант);
- Оозеки сүйлөө (окучунун тандоосу боюнча сунушталган тема боюнча баян).
Экзамендин максаты кандай?
Кыргыз тили — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили. Ошондуктан ар бир жаран мамлекеттик тилди билиши керек. Бул экзамен окуучуларды жана алардын ата-энелерин мамлекеттик тилди үйрөнүүгө жоопкерчилик менен мамиле кылууга үндөйт. Окуучулар туура сүйлөгөндү жана сабаттуу жазганды үйрөнүшү керек.
Эгерде окуучу экзаменди тапшыра албай калсачы?
Эгер окуучу кайра тапшырууда да канааттандырарлык эмес баа алса, аны кийинки класска өткөрүү же ошол класста калтыруу маселесин билим берүү уюмунун педагогикалык кеңеши чечет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.