Кыргызстанда Ирандын 4 жараны кармалган: Ирандын элчиси акыйкатчыга кайрылды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушуу өткөрдү.

Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, жолугушууда адам укуктарын коргоо маселелери жана эки өлкөнүн улуттук укук коргоо институттарынын ортосунда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жаманбаева элчини акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү, мекеменин эл аралык байланыштары жана аймактык, эл аралык укук коргоо уюмдарындагы катышуусу менен тааныштырды.

Ирандын элчиси учурда Иран түрмөсүндө экономикалык кылмышка шектелип, Кыргызстандын жараны кармалып турганын билдирди. Ошондой эле, буга чейин Кыргызстанда соттолгон Иран жараны жакында эле жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн мекенине экстрадиция болгонун айтты.

«Биздин өлкөлөр ортосунда укуктук жана соттук тармактарда кызматташууга мүмкүндүк берген бир катар келишимдер бар. Жакында эки өлкөнүн Ички иштер министрликтери ортосунда түз байланыш аркылуу иш алып барууга жол ачкан келишим күчүнө кирди. Бул документтер укуктук чөйрөдөгү кызматташуунун негизин түзөт», – деди элчи.

Голам Хоссейн Ядегари акыйкатчыга кайрылып, Кыргызстанда жакында кармалган Ирандын төрт жаранынын укуктарын камсыз кылууга көмөктөшүүнү өтүндү.

Анын айтымында, алардын экөө экономикалык кылмышка байланыштуу иш боюнча күбө катары суракка чакырылып, дароо кармалган. Калган эки ирандык Жазык кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнө (Коопсуздук менен коркутуп акча өндүрүү – "вымогательство") ылайык кылмыш жасаган деп шектелүүдө.

Релизде айтылгандай, акыйкатчы институту Иран жарандарынын кармоо шарттарын жана ден соолук абалын текшерүү үчүн СИЗОго кызматкерлерин жөнөтөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз