Ош: "Жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасы 66 млн сомдук абоненттик карыздарды өндүрүү боюнча рейддерди баштады

 

Оштогу «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасы ири карызы бар абоненттер боюнча рейд өткөрдү. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, 19-февраль күнү Оштогу «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасы Ош шаарындагы ири карызы бар абоненттер боюнча рейд өткөрдү.
 
Рейддин жүрүшүндө ишкананын адистери ири карызы бар абоненттердин батирине чейин барып, карыздар эмне үчүн төлөнбөй жатканын сурады. Ошондой эле, адистер эгер карыздар убагында төлөнбөсө соттук териштирүүлөр башталарын түшүндүрүштү.
"Бүгүнкү күндө «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканага абоненттер 66 млн сомдон ашык карыз. Бул сумманы өндүрүү үчүн ишкананын кызматкерлери рейддерди өткөрүп, түшүндүрүү иштерин алып барышууда",- деп айтылат маалыматта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз