"Эне-Сай" жаңы конушун куруп жаткан кытайлык компанияга 21 гектар жер берилет
"Эне-Сай" конушунун пайдубалына капсула салуу иш-чарасы. Сүрөт: Ош мэриясы.
Бүгүн, 30-июль күнү 2025-жылдын январь-июнь айларындагы Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары - коллегиялык жыйын өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэри Ж. Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Б. Баетов, вице-мэрлер, Ош ШИИБдин башчысы, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
"Эне-Сай" конушунун кура турган кытайлык компанияга 21 гектар жер берилерин айткан мэр буларга токтолду.
Анын айтымында, долбоордо ушундай каралган. Кытай компаниясы конушка канча үй батса, ошончо үй курат.
"Эне-Сай" конушу боюнча айтып коёюн. Жалпы 54 гектар жердин документтери такталып, трансформация иштери жүрүп жатат. Ал жерде 520 эмес, 1000ден ашык үй курулат. Тактоо иретинде айтып коёюн. Жанагы "Кунлунь" компаниясы ошол 54 гектар жерге канча үй батса, ошончо үй курат -1000 үй батабы, 950 батабы, батышынча курат. Ал курган үйлөрдүн ордуна, аларга 21 гектар жер беребиз. Келишимде ушундай болгон",- деди мэр.
1-июль күнү, Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Коммунист айылында “Эне-Сай” жаңы конушунун курулушуна расмий түрдө старт берилип, жаңы шаарчанын пайдубалына мезгил кутучасы салынган.
Долбоор жалпы 520 үй-бүлөгө ылайыкташкан. Ушул жылдын күз айларына чейин 320 заманбап турак үйлөрдү, аны менен бирге мектеп, бала бакча, ФАП жана башка социалдык мекемелерди куруу каралган. Шаарча жалпы 54 гектар жер аянтында түптөлөрү белгилүү болгон.
Бул үйлөр шаардагы турак үйлөрү башкы планга ылайык жолду кеңейтүүдө, каналдардын жээгин ачууда башка жакка көчүрүлө турган жарандарга берилет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.