Ташиев Нарындагы жетекчилерди сынга алды
Бүгүн, 25-июнь күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы К.Ташиев Нарын шаарында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган жыйынга Президенттин иш башкармасынын жетекчиси К.Туманбаев, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Нарын облусунун райондук, мамлекеттик администрация жетекчилери, шаар мэри жана жергиликтүү башкаруу органдарынын башчылары катышты.
Алгач Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешов облуста аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.
«Деген менен генерал-полковник К.К.Ташиев айтылган долбоорлордун басымдуу бөлүгү ишке ашпай токтоп турганын айтып, жетекчиликти сынга алды. УКМК төрагасы 2025-жылы план боюнча Нарын облусуна бюджеттен 9,4 млрд акча каражаты бөлүнгөнүн, ал эми мамлекет башчысы Садыр Жапаров жакында эле Президенттин фондунан Нарын шаарына кошумча 807 млн. сом бөлүп бергенин кошумчалады.Андан соң, төрага облус жана шаардагы негизги көйгөйлөргө четинен токтолду»,- деп айтылат маалыматта.
Нарында жол куруу иштери кечеңдеп, анын ичинде шаардагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүнүн курулушу бир жылдан бери бүткөрүлбөй, жергиликтүүлөрдүн нааразычылыгын жаратып жаткандыгы белгиленди. Мындан улам, аталган жолдорду курууга жооптуу “Бета Групп” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн текшерүү тапшырмасы берилди. УКМК төрагасы аталган негизи жолдорду Шералиев көчөсүн 10-августка чейин, ал эми Ленин көчөсүн 20-сентябрга чейин бүтүрүү талабын койду. Аны менен катар облустагы дагы башка жолдордун курулушу боюнча Транспорт министрлигине тапшырмалар жүктөлдү.
Облусту көрктөндүрүү, жарыктандыруу иштерин ар бир айыл өкмөтү колго алуусу керектиги айтылды. Мындан тышкары, шаарда курулуп жаткан ипотекалык үйлөр 3 айдын аралыгында толук бүткөрүлүп, жарандарга берилээрин Президенттин иш башкармасынын башчысы К.Туманбаев убадалады.
Жыйындын жүрүшүндө УКМК төрагасы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин суранычтарын угуп, шаардагы транспорт көйгөйүн чечүүгө, айрым райондорго спорт комплексин, калкты тейлөө борборун курууга, коммуналдык чарбага жана райондордогу ички социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө керектүү акча каражаттарын бөлдүрүп берди.
Мындан тышкары Нарын аэропорту август айында пайдаланууга берилип, ички аба каттамдары жанданары кошумчаланды.
Төрага облустун жетекчилерине кайрылып, таза иштөөгө, коррупциялык элементтерден сак болууга чакырды.
Жыйындын соңунда коюлган тапшырмалар кынтыксыз аткарылып, баары жеке генерал-полковник К.К.Ташиевдин көзөмөлүндө болору белгиленди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.