Ошто прокуратуранын кызматкери 4 миң доллар пара менен кармалды
Аскер прокуратурасы жана УКМК 29-июлда Ош прокуратурасынын кызматкерин кармашты, деп билдиришти 30-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан, деп жазат "Сводка АКИпресс".
Кармоо учурунда И.С.К. 4000 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан.
Ошондой эле, иликтөөдө Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. да бул ишке катыштыгы бар экени аныкталды. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал паранын бир бөлүгүн алып, батирине жашынып, акчаны жок кылган.
Ош облустук сотунун расмий сайтына ылайык, С.Р.Ш. инициалдарына Ош шаардык сотунун судьясы Саткынбаев Рустам Шайлобекович туура келет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.