Чет өлкөлүктөрдү мыйзамсыз жумушка тарткандар кармалды
31-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзамсыз миграция каналын аныктоо жана токтотуу ишке ашырылды.
Тергөө версиясы боюнча, Т.И.А. жана Т.А.И. аттуу жарандар милиция кызматкери О.А.М.дин калкалоосу менен коңшу мамлекеттин жарандарын Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жумушка тартуу максатында, эч кандай уруксат берүүчү документтерсиз алып келишкен.
30-июлда УКМК жана ИИМдин Кылмыш иликтөө кызматы менен биргеликте аталган мыйзамсыз аракетти уюштурган делген үч шектүү, ошондой эле 19 чет элдик жалданма жумушчу кармалды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.