87% абоненттер электр энергиясына 1,37 сом тариф менен төлөшөт, - энергетик

Көпчүлүк керектөөчүлөр үчүн (87%) тариф жогорулаганы эске алынса, бир киловатт-саат электр энергиясы эми 1 сом 37 тыйын болот. Бул тууралуу 29-июлда радиодо сүйлөп жатып, Кыргызстандын эмгек сиңирген өнөр жай кызматкери, КМШнын эмгек сиңирген энергетиги Карыпбек Алымкулов билдирди, деп жазаь "Тазабек".

Буга чейин 700 кВт/саатка чейинки керектөө үчүн тариф 1 сом 11 тыйын болгон.
 
Анын айтымында, электр энергиясынын өздүк наркы 1 кВт/саат үчүн 2 сом 72 тыйынга жетет. Бул учурдагы көпчүлүк керектөөчүлөр төлөп жаткан тарифтен дээрлик эки эсе жогору.
 
Алымкулов белгилегендей, 2024-жылы Кыргызстан Орусиядан, Казакстандан жана Өзбекстандан жалпы 3,7 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алууну пландап жатат. Анын айтымында, бул мамлекеттерде электр энергиясынын баасы Кыргызстандагыдан 2–3 эсе кымбат.
 
«Жыл башында Кыргызстандын энергетика системасынын ички жана тышкы жалпы карызы болжол менен 135 миллиард сомго жеткен», — деди ал.
 
Ошондой эле, ал белгилегендей, тоолуу жана алыскы райондордо жашаган керектөөчүлөр үчүн, 700 кВт/сааттан ашкан учурда да, тариф 1 сом 37 тыйын деңгээлинде калат. Ал эми калган региондордо 700 кВт/сааттан ашкан керектөө үчүн тариф 2 сом 49 тыйын болуп эсептелет.
 
Анын маалыматы боюнча, 1,6 миллион абоненттин ичинен болгону 150 миңдейи гана өздүк наркка жакын болгон тариф менен төлөшөт.
 
Калгандары болсо өздүк нарктан төмөн баа менен төлөп жатышат, бул энергетика тармагынын финансылык абалын андан ары начарлатууда, деп эсептейт Алымкулов.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз