Акыркы коңгуроодон кийинки трагедия: Кара-Кулжада аялын атып өлтүргөн жаран 18 жылга эркинен ажыратылды
2025-жылдын 26-май күнү Кара-Кулжа районунун Сай айылында 38 жаштагы Айзирек Эралиеваны жолдошу атып өлтүргөн. Бул боюнча милиция бир нече берене менен кылмыш ишин козгоп, иш сотко өткөн.
"Турмуш" басылмасы жазгандай, Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Өзгөн райондук сотунун 2025-жылдын 31-июлундагы өкүмү менен А.Б.К. КР КЖКнын 122-бер. 2-бөл. 3-п. 267-бер. 1-бөл. 267-бер. 2-бөл. күнөөлүү деп табылып, КР КЖКнын 77-бер. негизинде, белгиленген жазаларды бири-бирине толук кошулуп, биротоло эсептик көрсөткүчтүн 1000 (100 миң сом) өлчөмүндө айып салуу менен 18 (он сегиз) жылга эркиндигинен ажыратылды.
2025-жылдын 26-май күнү Кара-Кулжа районунун Сай айылында күйөөсү аялын ок атуучу курал менен атып өлтүргөндүгү боюнча маалымат тараган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууланып, Ош ОИИБ шектүү кармалганын жана бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.