УКМК ЖКнын экс-депутаттарын көмүр кенин мыйзамсыз тартып алуу фактысы боюнча кармады
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Нарын облусундагы көмүр кенин иштетүүгө лицензиясы бар компаниянын акцияларын мыйзамсыз тартып алуу фактысын аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады, деп жазат "Тазабек".
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары «Ж. уулу А.» жана «М.М.» (редакциянын эскертүүсү — бул инициалдар Жунус уулу Алтынбекке жана Малабаев Муратбекке туура келет) ар кандай мезгилдерде коркутуу жана башка мыйзамсыз ыкмаларды колдонуу менен, эч кандай акы төлөбөстөн, жогоруда айтылган көмүр кенин иштеткен жогорку ликвиддүүлүккө ээ компаниянын көзөмөл пакет акцияларын өз менчигине өткөрүп алгандыгы аныкталды.
Маалым болгондой, 2025-жылдын 31-июлунда «Ж. уулу А.» жана «М.М.» кармалып, УКМКнын тергөө абагындагы убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө аларга айып тагылат жана тергөө бүткүчө сот тарабынан бөгөт чарасы тандалат.
«Бул кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда, жасалган кылмыштын бардык жагдайлары жана ага тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдар аныкталууда», – деп айтылат билдирүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.