Садыр Жапаров насыя алуу процессинде алдамчылыктан сактай турган мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров 30-июлда насыя маалыматтарын алмашуу жана насыялык келишим түзүүгө өз алдынча тыюу салуу маселелери боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду, деп жазат "Тазабек".

Бул документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.
 
Мыйзамдын максаты — жарандарды алардын макулдугусуз насыя алуу менен байланышкан финансылык алдамчылыктан коргоону күчөтүү, ошондой эле кредиттик бюролор менен финансылык уюмдардын ортосунда насыя маалыматын алмашууга байланыштуу мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюу болуп саналат.
 
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилет:
 
1. «Кредиттик маалыматтарды алмашуу жөнүндө» мыйзам:
 
кредиттик уюмдар келишим түзүүдөн мурда аракеттеги кредиттик бюролордон жаран насыя алуудан өзүнө тыюу койгон-койбогондугу тууралуу маалымат алууга милдеттүү болот;
 
эгерде жаран өзүнө тыюу койгон болсо, анда насыя берүүгө тыюу салынат;
 
Өзүнө тыюу салуу  же алып салуу жаран тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик электрондук кызматтар порталы аркылуу өз алдынча жана акысыз жүргүзүлөт;
 
Өзүнө тыюу салуу тууралуу маалымат жаран каалаган кредиттик бюрого жөнөтүлөт;
 
2. Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банктык ишмердик жөнүндө» мыйзамынын 10-беренеси төмөнкүдөй жаңы 21-бөлүк менен толукталат:
 
банктык кызмат көрсөткөн тараптар төмөнкүлөргө милдеттүү:
 
учурдагы кредиттик бюролордон кардардын өзүнө тыюу койгон-койбогону тууралуу маалымат алуу;
 
эгерде өзүнө тыюу салуу бар болсо — кредиттик келишим түзүүдөн баш тартуу;
 
жогорудагы талаптар аткарылбастан түзүлгөн кредиттик келишимдер жараксыз (ничтожный) деп эсептелет.
 
Маалымат үчүн:
Насыя келишимин түзүү үчүн өзүнө тыюу – бул физикалык жак болгон жаран өз ыктыяры менен банк же башка финансылык-кредиттик уюм менен кредиттик келишим түзүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алып, аны расмий түрдө бекитүүсү болуп эсептелет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз