Вьетнамда Кыргызстан аркылуу Германияга 670 кг героин жөнөтүүгө шектелип кыргыз жараны кармалды

31-июлда Вьетнамда эл аралык издөөдө жүргөн — О.У.Д. аттуу жаран кармалды. Ал Кыргызстан аркылуу Германияга 670 килограмм героин аткезчилик жол менен жөнөткөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди, деп жазат "Сводка АКИпресс". 

Аны кармоо Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, Вьетнамдын укук коргоо органдары жана Интерполдун Башкы катчылыгы жүргүзгөн эл аралык операциянын алкагында ишке ашкан.
 
2019-жылы Германия полициясы чыгыш таттуулары катары жашырылган ири көлөмдөгү героинди кармаган. Жүк “Элит Шоко” аттуу бишкектик компаниянын атынан жөнөтүлгөн болуп, ал “түрк таттуулары” деген ат менен Германияга жеткен.
 
ИИМдин маалыматына ылайык, тергөө учурунда О.У.Д. эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү экени, ал чет элдик жаран Х.П. жана башка шериктери менен бирге иш жүргүзгөнү аныкталган. Алар Афганистандан ири көлөмдөгү героин сатып алып, аны халванын таңгагына жашырышып, жасалма документтер аркылуу чек арадан өткөрүшкөн.
 
Азыркы учурда кармалган жаранды Кыргыз Республикасына экстрадициялоо маселеси компетенттүү органдар менен биргеликте каралууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз