Кыргызстандык калыстар Мароккодо өтө турган дүйнөлүк чемпионатта калыстык кылышат
ФИФА 17 жашка чейинки кыздар курамалары арасында Мароккодо өтө турган дүйнөлүк чемпионатта калыстык кыла турган калыстардын тизмесин жарыялады.
Аталган тизмеде кыргызстандык калыстардын ысымдары да бар - Вероника Бернацка жана Рамина Цой.
Кыргызстандык калыстар мындан сырткары, 23- жашка чейинки жаштагылар арасындагы эркектер курамаларынын Азия Чемпионатына тандоо турунда да калыстык кылат. Аталган мелдештер ушул жылдын сентябрь айында Мьянмада өтөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.