Принципиалдуу атаандаш: Бүгүн «Ак шумкарлар» БАЭге каршы ойнойт

2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи раунду алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасы тарыхта алгачкы жолу үчүнчү раундка жолдомо камсыздап, 2027-жылкы Азия Кубогуна чыккан.

Курамабыз аталган раунддун 9 турунун жыйынтыгында, тилекке каршы  тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготту.
 
10-июнда 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү раундунун жыйынтыктоочу туру алкагында «Ак шумкар» принципиалдуу атаандашы - Бириккен Араб Эмираттары менен өз оюн талаасында кез келет.
 
Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнгөн. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында орун алган. 
 
Күйөрмандар үчүн оюн алдында шоу программа уюштурулуп, стадиондордун кириштери саат 17:30 ачылат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз