УКМК Алманбет Анапияевге тиешелүү мүлктөрдү мамлекеттин балансына кайтарды

Мамлекетке Анапияевдердин мүлкү кайтарылды, деп маалымдады УКМКнын басма сөз кызматы.

Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын Башкы башкармалыгы Чоң-Алай районундагы жалпы аянты 12,68 гектар болгон жер тилкелерин менчиктештирүүдө мыйзам бузуу фактыларын жана алардын мыйзамсыз түрдө жеке менчикке чыгарылышын аныктаган.
 
Доследствие иш-чараларынын жүрүшүндө мамлекеттин балансына Чоң-Алай районундагы төмөнкү объектилер кайтарылды: Дароот-Коргон айылындагы аянты 0,7 гектар болгон административдик имарат (аянты 749,65 чарчы метр) жайгашкан жер тилкеси, АЗС жана дүкөнү бар 0,14 гектар жер тилкеси, ошондой эле Бурган-Суу айылындагы аянты 11,84 гектар болгон жер тилкеси.
 
УКМК белгилегендей, бул объектилер уюшкан кылмыштуу топтун лидери Алманбет Анапияевдин жакын туугандары тарабынан мыйзамсыз жол менен менчиктештирилген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз