УКМК Эсеп палатасынын Түштүк башкармалыгынын инспектору менен анын ортомчусун кармады

Эсеп палатасынын инспектору Б.М.Ы. жана анын ортомчусу, Кыргыз Республикасынын жараны Т.М.Ж. 700 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу жана алуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аныкталгандай, Эсеп палатасынын инспектору Б.М.Ы. Тогуз-Торо районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүргүзүлгөн аудиттик текшерүү учурунда бир айыл өкмөтүнөн анча чоң эмес каржылык мыйзам бузууларды аныктап, бул бузууларды жашыруу үчүн башкы бухгалтерден 700 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.
 
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси — «Пара талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
 
Ошону менен катар, пара алган кызматкер кармалгандан кийин, Эсеп палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Азим Кожомуратов өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Буга чейин ал өзүнүн инспекторлору пара алышпайт деп билдирип, эгерде бул маалымат туура чыкса, отставкага кетүүгө даяр экенин айткан болчу.
 
Эске салсак, 2025-жылдын 9-июлунда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрага орун басары — УКМКнын төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин катышуусунда жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери менен жыйын өткөн. Анын жүрүшүндө УКМК төрагасы Эсеп палатасынын Ош аймактык бөлүмүнүн башчысы Азим Кожомуратовдон анын кызматкерлеринин коррупцияга тиешеси бар же жок экенин сураганда, ал: "менин инспекторлорум пара алышпайт, эгер тескериси далилденсе, кызматтан кетүүгө даярмын" деп жооп берген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз