Кыргызстандын элчилиги блогердин Орусиядан депортацияланышы боюнча жооп берди
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги өзүн журналист жана блогер катары тааныштырган Кыргыз Республикасынын жараны Али Эргашевдин Орусиядан депортацияланышы боюнча видео кайрылуусуна комментарий берди.
Элчиликтин маалыматына ылайык, 29-июлда Эргашев полиция тарабынан кармалгандан кийин жардам сурап элчиликке кайрылган. Ошол эле күнү элчиликтин кызматкерлери Москва шаарындагы Люблин району боюнча ички иштер бөлүмүнө барып, Эргашевдин травматикалык курал колдонулган хулигандык аракеттерге шектелген адамдарды издөө иштери алкагында кармалганы белгилүү болгон.
Элчиликтин билдиришинче, текшерүү учурунда Эргашевдин Орусия аймагында миграция мыйзамдарын бузуу менен жүргөнү аныкталып, анын өлкөдөн мажбурлап чыгарылышы боюнча чечим мурда эле кабыл алынганы белгилүү болгон. Аны менен кошо дагы төрт кыргызстандык жаран кармалган.
30-июлда элчиликтин консулу Эргашев менен чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу "Сахарово" борборунда телефон аркылуу сүйлөшүп, ага депортация боюнча чечимди сот тартибинде даттануу мүмкүнчүлүгү тууралуу юридикалык кеңеш берилген.
Эргашев камакта физикалык күч колдонулганын билдиргенине байланыштуу, элчилик ага расмий жазуу жүзүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине кайрылууну сунуштап, бул маселе Орусия тарап менен биргеликте караларын билдирген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.