Кыргызстанда жаңы окуу жылынан тартып кагаз жүзүндөгү күндөлүк менен жрналдар колдонулбайт
Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын мектептеринде 2025–2026-окуу жылынан тартып кагаз түрүндөгү күндөлүк жана "кызыл журналдар" толугу менен жоюлат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин орун басары Лира Самыкбаева педагогикалык форумда билдирди, деп жазат "Билим АКИпресс".
Анын айтымында, бул билим берүү тармагына санариптик инструменттердин активдүү киргизилиши менен мүмкүн болду.
"Бүгүнкү күндө өлкөдөгү окуучулар тууралуу маалыматтардын 90 пайызы санариптештирилди — демографиялык маалыматтардан баштап, социалдык статусу, сабакка катышуусу жана жетишкендигине чейин. Бул маалыматтар мектептердеги абалды анализдөөнүн жана бардык деңгээлдерде — мектеп администрациясынан министрликке чейин — чечим кабыл алуунун негизин түздү.
Эми окуу процесси толук электрондук форматта жүргүзүлөт: баа коюу, ата-эне менен байланышуу ж.б. — баары санариптик негизде болот. Мугалимдер, завучтар, директорлор жана ата-энелер "Күндөлүк" жана башка платформаларга өтүшөт. Бул жөн гана кагаздын ордуна келген нерсе эмес, бул билим берүүнү башкаруунун жаңы ыкмасы", — деди Самыкбаева.
"Күндөлүк" тиркемеси аркылуу ата-энелер балдарынын бааларын, үй тапшырмасын, сабактардын расписаниесин, электрондук китептерди жана башка окууга байланыштуу маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде көрө алышат. Ал эми мугалимдер сабак темаларын киргизип, баа коюп, сабакка катышууну белгилешет. Мектептин администраторлору болсо ушул маалыматтардын негизинде анализ жүргүзүп, чечим кабыл алышат.
Система өзүнө инфраструктура боюнча өзүнчө модулду да камтыйт: мектептер эми имараттардын, эмеректердин, жабдуулардын абалы тууралуу маалыматты киргизе башташты. Билим берүү министрлигинин өкүлүнүн айтымында, бул маалыматтар келечекте бюджетти туура пландаштырууга жардам берет — мисалы, кайсы мектепке эмерек, техника алуу керек экенин же кайсы аймакка жаңы мектеп куруу зарыл экенин аныктоого шарт түзөт.
Жеке маалыматтарды коргоого өзгөчө көңүл бурулган. Бул үчүн көп деңгээлдүү мүмкүнчүлүк берүү системасы киргизилген. Билим берүү процессине катышкан ар бир адам — мугалимден тартып министрликке чейин — өзүнө гана тиешелүү бөлүгүн көрө алат. Системада жасалган бардык аракеттер катталат: ким, качан кайсы маалыматка киргенин көрүүгө болот. Ушундай жол менен маалыматтардын сыртка чыгышын көзөмөлдөп, алдын алууга шарт түзүлөт.
"Мектеп директорлору өз кызматкерлеринин мүмкүнчүлүгүн көзөмөлдөйт, райондук билим берүү бөлүмдөрү — директорлорду, андан ары жогору деңгээлдеги жетекчилер көзөмөл жүргүзөт. Биз бардык деңгээлдер боюнча коргоону карап чыктык, жеке маалыматтар башка адамдардын колуна тийип кетпеши керек", — деп белгиледи Самыкбаева.
"Жаңылыктын жарчысы" аттуу педагогикалык форум Билим берүү министрлиги тарабынан уюштурулуп, жаңы окуу жылына мектептерди жана мугалимдерди даярдоо боюнча иш-чаралардын циклын улантууда. Башкы максат — өлкөнүн бардык бурчунда заманбап санариптик билим берүүгө сапаттуу өтүүнү камсыз кылуу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.