Мунарбек Сайпидинов Кыргызстанга алып келинди. Ал жер сатууга шектелип Орусияда кармалган

Мамлекеттик объектилерди сатып жиберүүгө айыпталып жаткан М.С. Орусиядан кармалып, 7-августта Кыргызстанга жеткирилгенин Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Кара-Суу районунда мамлекетке тиешелүү жер участокторунун мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталган.
 
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, жаран М.С. 2014-жылдан бери Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн айрым кызматкерлери, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери жана учурда такталып жаткан жеке адамдар менен биргеликте материалдык пайда көрүү максатында кылмыштуу пландарды ишке ашырып жүргөнү аныкталганын ИИМ жазат. Ал маалыматка караганда, бул адамдар мамлекетке караштуу социалдык мааниге ээ жер участоктору менен объектилерди мыйзамсыз түрдө мамлекеттик каттоодон чыгарып, мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтиришкен.
 
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон. Жаран М.С. сырттан айыпталып, бөгөт чарасы катары камакка алуу чечими чыгарылган.
 
Азыркы тапта бул кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-иликтөө жана тергөө иштери улантылып жатат. Анын негизинде бардык катышкан адамдар аныкталып, алардын аракеттерине укуктук баа берилет.
 
ИИМдин маалыматына караганда, айыпталуучу М.С. мурда да соттолгон жана окшош кылмыштарга шектелүүдө. Ал Россия Федерациясынын аймагында кармалган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз