Кара-Суу районунда контрафакттык товарларды чыгарган көмүскө цех аныкталды
Кара-Суу районунда контрафакттык товарларды чыгарган көмүскө цех аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, УКМК жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы менен бирдикте контрафакттык продукцияны аныктоо боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, Отуз-Адыр айыл аймагында газдалган суусундуктарды мыйзамсыз чыгаруу менен алектенген жер астындагы цех аныкталды.
«Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө таттуу суусундуктарды чыгаруу менен алектенген «Деревенский квас», «Анар» жана «Деревенский ширеси» аттуу жашыруун цехтер аныкталган. Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын жана салык кызматынын кызматкерлери тарабынан текшерүү жүрүшүндө, Тамак-аш азыктарында технологиялык процесстердин бузулушу жана тыюу салынган заттардын колдонулушу боюнча айыптар салынып, экспертизадан өткөрүү үчүн үлгүлөр алынды»,- деп айтылат маалыматта.
Азырку учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.