Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышпайт

Акжол Махмудов Хорватияда өтө турган күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышпайт. Бул тууралуу "Спорт АКИпресс" басылмасы жазды.

2025-жылдагы дүйнө чемпионаты 13–21-сентябрь күндөрү Загреб шаарында өтөт.
 
Махмудов 77 кг салмак категориясында эки жолку дүйнө чемпиону жана учурдагы дүйнө чемпиону болуп саналат.
 
2024-жылы ал Олимпиада оюндарынын коло медалын утуп, андан кийин Германиянын чемпиону аталып, Алматы шаарында өткөн Поддубный лигасында бир беттеште жеңишке жеткен.
 
Махмудов Японияда Кыргызстандын улуттук курамы менен чогуу машыгуу жыйындарына катышкан, бирок виза маселелеринен улам Польшада өткөн эл аралык турнирге чыга алган эмес.
 
«Акжол азыркы учурда дүйнө чемпионатына катышууга даяр эмес экенин айтты. Ал жакшы даярданып, ноябрда өтө турган Ислам тилектештиги оюндарында атандашууну каалайт», — деп билдиришкен КР Күрөш федерациясынан Sport АКИpress агенттигине.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз