Ош облусунда ардагерлер арасында волейбол боюнча президенттин өкүлүнүн кубогу өттү

Ош облусунда 12-августта ардагер спортчулар арасында Президенттин облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу үчүн волейбол мелдеши өттү. Мелдешке жети районунан келген 60 жаштан жогору 8 жана 50 жаштан жогору 9 команда — жалпы 17 команда катышты.

Финалдык оюндарды облус башчысы Эльчибек Джантаев орун басарлары менен көрүп, жеңүүчүлөргө кубок жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
 
Жыйынтыктар:
60+ категориясы:
1-орун — Ноокат району
2-орун — Араван району
3-орун — Өзгөн району
 
50+ категориясы:
1-орун — Кара-Кулжа району
2-орун — Ноокат району
3-орун — Ноокат районунун 1-командасы
 
Мыкты оюн көрсөткөн спортчулар атайын номинациялар боюнча да сыйланды. Иш-чара ынтымакты чыңдоо жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында уюштурулду.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз