Өзгөндүн соттук-медициналык эксперти кол астында иштеген кызматкерге сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелип кармалды

2025-жылдын 7-август күнү, Өзгөн шаарында Ош облусунун Өзгөн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Т.Б.К. кол алдындагы кызматкерине сексуалдык ыдык көрсөткөн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин КР УКМКга Ж.С.Ж. аттуу жаран Ош облусунун Өзгөн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Т.Б.К.га карата чара көрүү суранычы менен арыз жазып кайрылган. 
 
Арызда берилген маалыматка ылайык, шектүү өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып кол астында иштеген кызматкерге WhatsApp аркылуу ар түрдүү адепсиз билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү жөнөтүп, ошондой эле күч колдонуу жолу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого, интимдик жакындыкта болууга мажбурлаган.
 
Аталган факт боюнча КР КЖК 156-беренесинин 1-бөлүгү «сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз