Мамлекеттик ипотекалык компания учурда эки механизм боюнча иш алып барууда
Мамлекеттик ипотекалык компания учурда эки механизм боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу экономист Бактыбек Шамкеев радио эфиринде билдирди, деп жазат "Тазабек" басылмасы.
Анын айтымында, биринчи механизм — кийин сатып алуу шарты менен ижарага берүү механизми болуп, үч багытты камтыйт: жеңилдетилген ипотека, жеткиликтүү ипотека жана социалдык ипотека.
Жеңилдетилген ипотека — Кыргызстандагы расмий иштеген бюджеттик кызматкерлерге арналган. Мисалы, милиция кызматкерлери, дарыгерлер, мугалимдер. Жеткиликтүү ипотека — жеке сектордун кызматкерлери, жеке ишкерлер жана банктарда иштегендер үчүн. Бюджеттик кызматкерлер үчүн пайыздык чен — 2–4%, башкалар үчүн — 6%.
Экономисттин түшүндүрүүсүндө, социалдык ипотека — жалгыз бой энелерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөргө жана алардын расмий камкорчуларына арналган. Алар үчүн пайыздык чен — 4%.
Экинчи механизм — чет өлкөдө иштеген жарандарга (мигранттарга) багытталган. Алар баштапкы төлөмдүн 50%ын төгүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул программа менен көптөгөн мигранттар пайдаланып, ыраазычылыгын билдирип келишет. Эгер жаран керектүү баштапкы төлөмдү төлөй ала турган болсо, ага шарттарды аткаруу үчүн 90 күн берилет. Зарыл учурда жарандар компаниянын сайтына кирип, өзүнүн маалыматын көрө алышат. Бул программага катышуу үчүн Кыргызстандын жараны болуу, менчик турак жайынын жоктугу (же 43 жылга турак жайда жашоо укугу боюнча юридикалык келишимге ээ болуу) талап кылынат. Бул талап мигранттарга да тиешелүү.
Ипотекалык программага катышуучуларга коюлган талаптар:
Кыргыз Республикасынын жараны болуу.
18 жаштан улуу болуу.
Кыргызстандын аймагында менчик турак жайынын жоктугу (же 43 жылга турак жайда жашоо укугу боюнча юридикалык келишимге ээ болуу).
Расмий иштеген жарандар үчүн — кеминде бир жылдык эмгек стажы.
Жеңилдетилген ипотека үчүн — бюджеттик кызматкер экенин тастыктаган иштеген жеринен маалымкат.
Социалдык ипотека үчүн — расмий камкорчу экенин же белгилүү бир (I же II) топтогу майыптык статусуна тиешелүүлүгүн тастыктаган документтер.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.