Азат Эркимбаев Египеттин күрөш боюнча улуттук курамасын машыктырат
Кыргызстан күрөш боюнча улуттук курамасынын дагы бир мурдагы машыктыруучусу чет өлкөдөн иш таап алды. Бул тууралуу "Спорт АКИпресс" жазды.
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын экс-машыктыруучусу Азат Эркимбаев эми Египеттин курамасын машыктыра турган болду.
Sport АКИpress агенттигине машыктыруучунун өзү билдиргендей, келишим 3 жылга, тактап айтканда 2028-жылкы Лос-Анжелестеги Олимпиада оюндары аяктаганга чейин түзүлгөн.
«Бүгүн Египетке учуп бара жатам. Сунушту кабыл алып, тажрыйба алмашууну чечтим», – деди Эркимбаев.
Эркимбаевдин жетекчилиги алдында Кыргызстандын грек-рим күрөш боюнча курама командасы Олимпиада оюндарына 4 медаль (1 күмүш жана 3 коло) уткан жана тарыхта алгачкы ирет чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында алтынды багындырган.
Мындан мурда Египеттин эркин күрөш курамасын да Кыргызстандын мурдагы машыктыруучусу Руслан Мажинов жетектеп кеткен.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.