Кыргызстан атомдук кичи ГЭСти куруу боюнча долбоорду карап жатат
«Росатом» мамлекеттик корпорациясынын жетекчиси Алексей Лихачёв Кыргызстан чакан атомдук электр станциясын куруу долбоорун ишке ашырууга кызыкдар экенине ишенимин билдирди. Бул тууралуу ал «Россия 1» телеканалына берген маегинде айтты, деп жазат "Тазабек" басылмасы.
Анын айтымында, республика учурда 300 мегаваттан жогору кубаттуулуктагы модулдук станция курууну жана аны жайгаштыра турган мүмкүн болгон аянттарды аныктоону камтыган сунуштарды изилдөө этабында турат.
«Биз азыр нөлүнчү кадамда турабыз десем болот: Кыргыз Республикасы биздин сунуштарды изилдеп жатат — 300 мегаваттан жогору кубаттуулуктагы чакан модулдук станция жана аны жайгаштыруу варианттары. Бул жерде сейсмикалык активдүүлүк бар, бирок биз аны менен иштөөнү билебиз. Мындай станция Кыргызстанда ишке берилгенде, ал бүтүндөй экономикага күчтүү түрткү болот — энергетикалык камсыздоо жагынан да, кадрларды даярдоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жагынан да. Менимче, бул чечим көп күттүрбөйт», — деди Лихачёв.
Ал ошондой эле «Росатом» Кыргызстандагы өз долбоорлорун колдоого шыктанганын билдирди. Корпорациянын республикадагы негизги багыты — мурдагы уран кендерин рекультивациялоо. Перспективада шамал электр станцияларын өнүктүрүү, чакан атомдук электр станция куруу жана заманбап ядролук медицина борборун түзүү сыяктуу долбоорлор да пландаштырылган.
Белгилүү болгондой, Казакстан 2025-жылдын аягына чейин Россия менен биринчи атомдук электр станциясын куруу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюуну пландап жатат. Келечектеги АЭСтин так баасы азырынча аныктала элек, ал эми Казакстандагы алгачкы атомдук станцияны куруу мөөнөтү 7 жылга чейин созулушу мүмкүн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.