Президенттин администрациясы президенттин мамлекеттик сыйлыктарга мораторий коюу боюнча жарлыгына түшүндүрмө берди
Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев президенттин мамлекеттик сыйлыктарга мораторий жарыялоо тууралуу жарлыгы боюнча түшүндүрмө берди.
Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик сыйлыктарды (аларга сунуш киргизүүнү кошкондо), ардактуу наамдарды ыйгарууну жана мамлекеттик сыйлыктарды төлөп берүүнү убактылуу токтотуу боюнча мораторий киргизди.
Кадыралиевдин айтымында, 1990-жылдары 10 аталыштагы орден-медалдар болсо, азыр алардын саны 18ге жеткен. «Эгер ардактуу наамдарды да кошсок, анда бул көрсөткүч 3 эсеге көбөйгөн болот», — деди ал.
Анын айтымында, президент кааласа, мисалы, Көз карандысыздык күнүндө сыйлык ыйгарышы мүмкүн. «Бирок бул мурдагыдай жапырт эмес. Эки айдын ичинде биз сунуш киргизишибиз керек», — деп кошумчалады ал.
Жарлыкка ылайык, мораторий учурунда мамлекетке жана коомго өзгөчө эмгеги сиңгендерди сыйлоо, наам ыйгаруу жана сыйлык берүү маселелери өзгөчө учурларда президенттин демилгеси менен гана каралышы мүмкүн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.