Кыргыз футболчусу Жоел Кожо өзүнүн туулган күнүндө "Машъал" клубуна 2 гол киргизди
Кыргызстандын улуттук курама командасынын чабуулчусу Кожо Жоэл Өзбекстан чемпионатындагы жаңы клубу үчүн алгачкы голун киргизди.
Жайкы трансфердик терезеде ал Ирандын «Эстегляль» клубунан Фергананын «Нефтчи» командасына өткөн. Жаңы клубундагы алгачкы төрт оюнда Кожо эки голдук пас берип, командасына үч жеңиш алып келүүгө жардам берди.
21-августта «Нефтчи» өз талаасында «Машъал» клубун кабыл алып, 3:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетти. Кожо негизги курамда талаага чыгып, эки гол киргизе алды
Алгачкы голду 34-мүнөттө киргизип, эсепти ачты. Экинчи голун 70-мүнөттө киргизип, матчтын жыйынтыктады.
Ошол эле күнү, 21-августта, Кожо 27 жашка толгон.
Бул жеңиштин аркасында «Нефтчи» командасы 42 упай топтоп, учурдагы чемпиондон алдыга чыгып, турнирдик таблицанын биринчи баскычына көтөрүлдү. Аталган чемпион командасы өзүнүн оюнун 23-августта өткөрөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.