Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери чоң көлөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөрдү кармашты. Алардан бири «Дөө-Чынгыздын» уюшкан тобунун мүчөсү
УКТга каршы күрөшүүнүн алкагында ИИМдин Байңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ыкчам иш-чараларды өткөрүп, алдамчылыкка катыштыгы бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Бул тууралуу Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 2024-жылдын август айынын ортосунда Бишкек шаарында эркектер жарандан 65 миң долларлык ак түстөгү, 2017-жылкы Range Rover үлгүсүндөгү автоунааны 3 айлык мөөнөткө бөлүп төлөө шарты менен алышкан. Бирок ушул убакка чейин акчалай милдеттенмелер аткарылган эмес. Ар кандай шылтоолор менен автоунаанын акчасы төлөнбөй, шектүүлөр качып кетишкен.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында төмөнкүлөр кармалган:
Э.Т.З., 1988-жылы туулган,
М.У.Д., 1991-жылы туулган,
Т.Т.Т., 1987-жылы туулган.
Бардык кармалгандар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Мыйзамсыз баңгизатка карш күрөшүү кызматынын маалыматына ылайык, кармалгандардын бири — Э.Т.З. — «Дөө Чынгыз» деген каймана аты менен белгилүү Чынгыз Жумагуловдун уюшкан тобунун активдүү мүчөсү болуп чыккан.
Келтирилген зыян өзгөчө ири өлчөмдө бааланууда. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.