Москва: Мигранттар "Амина" мобилдик тиркемеси аркылуу гана каттала алат
1-сентябрдан тарта Москва шаарында жана Москва облусунда чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын жүргөн жерин каттоо боюнча эксперименталдык тартип киргизилет. Бул тартип учурдагы миграциялык каттоонун ордун басат, – деп эскертет Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.
Москвага жана Москва облусуна «эмгек ишмердүүлүгү» максатында келген чет элдик жарандар милдеттүү түрдө «Амина» аттуу атайын мобилдик тиркемени орнотушу керек.
«Амина» тиркемеси аркылуу Москвадагы Миграциялык көп тармактуу борбордун (ММЦ Сахарово) дареги боюнча каттоодон өтүп, ички иштер органдарын жашаган жери тууралуу алыстан кабардар кылууга болот. Жашаган жер өзгөрсө, чет өлкөлүк жаран тиркеме аркылуу жаңы даректи киргизүүгө милдеттүү.
Тиркемени «RuStore» колдонмо дүкөнүнөн өз алдынча орнотсо болот, бул үчүн ММЦ Сахарового же ИИМ органдарына баруунун зарылдыгы жок.
Тиркемеге кирүү үчүн жарактуу чет өлкөлүк жаран картасы талап кылынат. Аны алуу үчүн ММЦ Сахарового кайрылуу зарыл. Эгерде карта жоголсо, «Аминага» паспорттун маалыматы аркылуу кирүүгө болот.
Мобилдик тиркеме ИИМге колдонуучунун геолокациясы тууралуу маалымат жөнөтүп турат. Эгерде бир нече күн бою мындай маалыматтар түшпөсө, чет өлкөлүк жаранга жашаган жерин ырастоо же өзгөргөнү тууралуу кабарлоо боюнча эскертме жөнөтүлөт. Бул үчүн ИИМ органдарына же ММЦ Сахарового баруунун кереги жок.
Эгерде акыркы мониторингден тарта үч күндөн ашык убакыт бою геолокация тууралуу маалымат берилбесе, чет өлкөлүк жаран ММЦ Сахарово дареги боюнча каттоодон чыгарылат.
Эксперименттин шарттарын бузуу чет өлкөлүк жаранды Байкоого алынган адамдардын Реестрине киргизүүгө негиз болушу мүмкүн.
Эксперимент баштала электе тиркеменин мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүү үчүн аны тесттик режимде колдонсо болот.
Ошондуктан, миграциялык мыйзам бузуу менен байланышкан кесепеттерден качуу үчүн, Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарын Москва жана Москва облусунда чет өлкөлүктөрдү каттоо боюнча жаңы эрежелер менен алдын ала таанышып чыгууга чакырат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.