"Кара-Суу" клубу волейбол боюнча Кыргызстандын чемпиону аталды
Бишкекте Кыргызстандын волейбол боюнча кезектеги сезону жыйынтыкталды, деп жазат "Спорт АКИпресс".
Чечүүчү оюндар 24-августта Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында өттү.
Улуттук лиганын командалары арасындагы турнирде чечүүчү үчүнчү турга 4 команда чыкты. Финалда «Кара-Суу» «Салам-Аликти» жеңип, өлкөнүн жаңы чемпиону болду.
3-орун үчүн беттеште Жалал-Абаддык «Бек» СКА МОРду утуп, коло байгени багындырды.
Жогорку лига «А» турниринде ОшМУнун «Университет» командасы жеңишке жетишип, кийинки сезонго Улуттук лигага жолдомо алды.
Айымдар арасындагы өлкө чемпиону болуп «Дордой» командасы аталды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.