Атамбаевга каршы бардык кылмыш иштери бөлөк өндүрүшкө бөлүнүп, токтотулду
Бишкек шаардык сотунда 25-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев негизги фигурант болгон бир катар кылмыш иштери боюнча апелляциялык кароонун кезектеги отуруму өттү, деп жазат "Сводка АКИпресс".
Жазык иштер боюнча соттук коллегияны судья Лейла Байдаева баштап барууда.
«Сводка АКИpress» редакциясына Кадыр Атамбаевдин билдиришинче, буга чейин коргоо тарап анын атасынын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнгөн. Ошондо сот 18-августка жылдырылган, бирок ал күнү да мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевдин адвокатынын келбей калышынан улам кайрадан жылдырылган.
«Сот баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн канааттандырган жок. Бирок мамлекеттик айыптоочу Атамбаевге карата материалдарды өзүнчө өндүрүшкө бөлүп чыгарып, токтотуу боюнча өтүнүч келтирген. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды», – деп түшүндүрдү К.Атамбаев.
Буга чейин сот бир нече иштин материалдарын бир өндүрүшкө бириктирген болчу. Алардын ичинде ТНК «Дастан» компаниясын мыйзамсыз сатуу, жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо, ТЭЦти модернизациялоо жана 2019-жылдын 7–8-августундагы Кой-Ташта болгон окуялар бар.
3-июнда Биринчи Май райондук соту өкүм чыгарган: Атамбаев 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган. Анын бир катар тарапташтары да түрмө жазасына кесилген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.