Трамп Лавровдун Зеленскийди «нелегитимдүү» деп атаган сөздөрүн баалады

АКШнын президенти Дональд Трамптан Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун “Украинанын президенти Владимир Зеленский легитимдүү эмес” деген сөздөрүнө комментарий берүүсүн суранышты.

Тиешелүү суроо америкалык лидерге Ак үйдөгү министрлер кабинетинин жыйынында берилген.
 
“Алар эмне десе да мааниси жок. Стив (Уиткофф) жооп берсе болот, бирок мен да айтам: алардын эмне дегени маанилүү эмес. Баары жөн гана поза жасап жатат. Бул бүт болбогон нерсе, түшүнүктүүбү? Баары жасалма шермендечилик менен алек”, — деп жооп берди Трамп.
 
Буга чейин Сергей Лавров Орусия Владимир Зеленскийди де-факто жетекчи катары тааный турганын, бирок аны менен документтерге кол коюу мүмкүн эместигин билдирген.
 
Владимир Зеленскийдин беш жылдык президенттик мөөнөтү 2024-жылдын май айында аяктаган, бирок Украинадагы согуштук абалдан улам шайлоолор өткөрүлгөн эмес.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз