Путин менен Трамп Украинанын орус аэродромуна сокку урушу, Иран маселесин боюнча телефон аркылуу сүйлөшүштү
АКШ президенти Дональд Трамп АКШ менен Россиянын президенттери ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болгонун билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүү 1 саат 15 мүнөткө созулган, деп жазат "CentralAsia".
«Биз Россиянын жабдыктары жайгашкан аба майдандарына болгон кол салуу, ошондой эле эки тараптан жүрүп жаткан башка чабуулдарды талкууладык. Бул жакшы сүйлөшүү болду, бирок азырынча тынчтыкка алып келе турган деңгээлдеги эмес. Президент Путин жакында болгон аба майдандарына болгон чабуулга жооп кайтарууга аргасыз болорун чечкиндүү айтты. Биз Иран маселесин да талкууладык – алардын өзөктүк куралга байланыштуу чечим кабыл алуусуна убакыт аз калды, бул чечим тез кабыл алынышы керек! Мен президент Путинге Иран өзөктүк куралга ээ болбошу керек экенин айттым жана бул боюнча биздин пикирлер окшош экенин белгиледим. Президент Путин Иран менен сүйлөшүүлөргө катышарын жана алардын тезирээк аякташы үчүн жардам бере аларын айтты. Менин оюмча, Иран бул өтө маанилүү маселе боюнча чечим кабыл алууну кечеңдетүүдө жана биз жакынкы убакытта так жооп алышыбыз керек», – деп жазды ал Truth Social тармагында.
Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Путин менен Трамптын сүйлөшүүсүн комментарийледи.
Анын айтымында, сүйлөшүү Украинадагы кырдаалды талкуулоо менен башталган. Путин 2-июнда Стамбулда өткөн Россия менен Украинанын ортосундагы экинчи түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө кеңири айтып берген. «Бул сүйлөшүүлөргө Украина кедергисин тийгизүүгө аракет кылып, Киев режими түздөн-түз буйрук берип, атайын тынч тургундарга, жарандык объектилерге чабуул жасаган. Бул эл аралык укук боюнча терроризм катары бааланат жана биздин оюбузча, киевдик режим, негизинен, террордук уюмга айланып калган», – деди Ушаков. Анын айтымында, Россия бул провокацияларга алданган жок жана сүйлөшүүлөр Стамбулда өттү.
Путин сүйлөшүүлөрдүн мазмуну тууралуу Трампка айтып, алар пайдалуу болгонун белгиледи. Тараптар тапшырган меморандумдар Москва менен Киевде анализденген соң, «сүйлөшүүлөр улантылат деген үмүт бар», – деди Ушаков. «Меморандумдардын тексттери сүйлөшүүдө талкууланган жок. Алар Киев жана Москвада каралып чыккандан кийин сүйлөшүүлөр уланышы мүмкүн», – деди ал.
Аба майдандарына болгон соккулар темасы да көтөрүлдү. Ушаковдун айтымында, Трамп бул соккулар жөнүндө АКШ тарапты Украина алдын ала кабардар кылбаганын ырастаган. Ал Трампка Россиянын окуяга карата бааларын угуу пайдалуу болгонун белгиледи. Путин менен Трамп Украина маселеси боюнча байланыштарды жогорку деңгээлде да, башка каналдар аркылуу да улантуу тууралуу макулдашышты.
Украинадан тышкары, эки өлкөнүн лидерлери бир катар эл аралык маселелерди да талкуулашты. Анын ичинде Ирандын өзөктүк программасы боюнча АКШ менен Ирандын ортосундагы «токтоп калгандай болгон сүйлөшүүлөр» негизги темалардын бири болду. Ушаковдун айтымында, Трамп бул маселеде Россиянын арачылыгы пайдалуу болушу мүмкүн деп эсептейт: «Эгерде Россия Иран тарап менен иш алып барса, ал ыраазы болот эле». Ошондой эле сүйлөшүүдө Жакынкы Чыгыштагы кырдаал, Индия менен Пакистандын ортосундагы Трамптын жеке аракети менен токтотулган куралдуу кагылышуу да сөз болду.
Эки лидер Россия менен АКШнын ар кандай тармактарда кызматташтыгын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашты. Бул кызматташтык «эки президенттин пикиринде, чоң потенциалга ээ». Сүйлөшүүнүн соңунда эки лидер да сүйлөшүүнү позитивдүү жана абдан мазмундуу деп баалашты. Ушаков алардын дайыма байланышта болуп турууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле, АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун ишмердүүлүгүн жогору баалашты.
4-июндагы бул телефон сүйлөшүүсү Трамптын Ак үйгө кайтып келгенден кийинки төртүнчү ачык белгилүү сүйлөшүү болду. Биринчи сүйлөшүү 12-февралда, экинчи – 18-мартта, үчүнчүсү – 19-майда болгон. 19-майдагы сүйлөшүүдө Путин менен Трамп Россия менен Украина даярдаган меморандумдар тууралуу сүйлөшүшкөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.