Ошто Алымбек датканын айкели орнотулду
26-август күнү Ош шаарынан Алымбек датка көчөсүндө Кокон хандыгынын коомдук-саясий ишмери Алымбек датканын айкели коюлуп, бүгүн ачылуу аземи болду.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Ж. Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы, депутаттар, Алай районунун акими, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.
Алгач калаа башчысы баштаган жоон топ эстеликтин кызыл тасмасын кесишти. Андан соң Алымбек датканын ишмердүүлүгүн чагылдырган театралдык көрүнүш чогулгандарга тартууланды. Ага улай эле төкмө акындар Алымбектин тарыхый жолун баяндашты
Ош МУнун Чыгыш тануу факультетинин деканы, тарыхчы Жолдошбек Бөтөнөев Алымбек датканын тарыхый таржымалын айтып берди.
"Алымбек - Кокон хандыгын мамлекеттик жана коомдук-саясий ишмери. Ошол кезде Кыргызстандын түштүгүндөгү уруулары менен түндүгүндөгү урууларын бириктирүүгө далелет жасаган эки инсандын бири.
Алымбек датка XlX кылымда эле Ош шаарынан инфраструктурасы үчүн опол тоодой иштерди жасаган. Ал Ак-Буура дарыясынын жээктерин көпүрө куруу менен бириктирип, каналдарды жаздырган. Медресе куруп, балдарды агартуу иштерин жүргүзгөн. Анын саясий бейнесин айтуу үчүн убакыт аздык кылат",- деди ал.
Мындан тышкары, мэр Жеңишбек Токторбаев үй-бүлөсүнүн атынан Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзүн оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөрүн айтып буларга токтолду.
"Мен Алымбек датка менен сыймыктанам. Жана бир мугалим айтты. "Алымбек датка боюнча илимий конференция өтпөй калды",- деп. Ушул маселени колго алалы. Илимий конференция өткөрөлү",- деди мэр.
Аны менен катар эле Ош шаардык кеңешинин төрагасы Б. Баетов сөз сүйлөп, тарыхый учур менен шаардыктарды куттуктады.
Азыркы Алымбек датканын эстелиги курулган жайда мурда Курманжан датканын эстелиги жайган болчу. Ош шаардык кеңеши Ленин көчөсүнө Алымбек датканын ысымын ыйгаруу боюнча токтом кабыл алгандан кийин Курманжан датканын эстелиги аталган көчөдө жайгашкан Ош шаардык багыт өргөөсүнүн алдына жылдырылган.
Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынынын маалыматына ылайык, Алымбек датканын эстелиги жаңыдан курулду. Анын эстелигин куруп, айланасына таман таштарды басууга жергиликтүү бюджеттен 2 млн 34 миң 452 сом жумшалган.
Тендерден "Ак-Ат сервис" ЖЧКсы утуп, аталган иштерди жасаган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.