ӨКМ Жеңиш чокусунан орусиялык альпинистти эвакуациялоо үчүн Airbus H-125 тик учагын жиберген, бирок аба ырайынын начарлашына байланыштуу операция токтотулган
Кыргызстан ӨКМдин Airbus H-125 тик учагы Ысык-Көл облусуна Орусиянын альпинистин эвакуациялоо үчүн жөнөтүлгөн, бирок кайрадан Чүй облусундагы туруктуу базасына кайтып келди, деп жазат "АКИпресс".
Тик учак алгач туристтик база болгон Каркырга багытталган. Андан кийин ал Түштүк Энилчектеги Жеңиш чокусуна учуп барышы керек эле.
ӨКМдин маалымат кызматы кабарлагандай, тик учак менен кошо Каркырга чет элдик адистер да келген: тажрыйбалуу учкуч, альпинист-куткаруучу жана инструктор. Алар эки күн бою учууга мүмкүнчүлүк күтүшкөн, бирок Түштүк Энильчектеги аба ырайынын начарлашынан улам - аба шарттарынын кооптуу болуп калышынан операция токтотулган.
Ысык-Көл облусу боюнча ӨМКдин башкармалыгынын башчысы Мирлан Карабаев белгилегендей, Борбордук Теңир-Тоодо суук эрте түшөт жана альпинисттик лагерлер да бийиктиктен Каркырдагы негизги базага көчүп келишкен.
Орусиянын жараны Наталья Наговицына 12-августта Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып, бутун жаракаттап алган. Жакын жерде жүргөн башка альпинисттер ага жардам берип, 7100 метр бийиктикте аска алдында жайгаштырып, уктоочу баштык, бийиктикке ылайыктуу чатыр, суу жана бир аз тамак-аш калтырышкан. Андан соң өздөрү ылдый түшүп, эвакуация уюштурууга киришишкен. Бирок түшүп келе жатканда альпинисттердин бири — Италиянын жараны — ден соолугуна байланыштуу каза болуп, анын сөөгү 6900 метр бийиктикте, Важи Пшавела чокусу алдындагы жерде калган.
16-августта бул аймакка КР Коргоо министрлигинин тик учагы куткаруучулар жана альпинисттер менен жөнөтүлгөн. Бирок ал Звездочка муздугунун жогорку бөлүгүндө, 4600 метр бийиктикте катуу конууга мажбур болуп, бир нече адам жаракат алган.
19-августта 7100 метр бийиктикке учкан дрон чатырды тартып алган, анын ичинде россиялык альпинист экени аныкталган. «Түштүк Энильчек» базалык лагериндеги куткаруучулар анын жашоого белгилер бергенин билдиришкен, ошондон улам экинчи куткаруу операциясы уюштурулган. Бирок 23-августта отряд жетекчисинин жаракат алышынан жана аба ырайынын начардыгынан улам альпинисттер кайра базага кайтып келишкен.
Куткаруучулардын айтымында, өмүрдү сактап калуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жок. Анткени мындай бийиктикте жана -20°С суукта адам тамак-аш, суу болбосо жашап кете албайт. Наталья Наговицына болсо тоодо эки жумага жакын убакыттан бери калып жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.