Садыр Жапаров Кытайда өтө турган аскердик парадга катышат

Кытай элинин япон баскынчыларына каршы каршылык согушундагы жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларына 26 чет өлкөлүк лидер катышат, деп кабарлады CCTV.

Телеканалдын маалыматына караганда, коноктордун арасында төмөнкүлөр бар:
 
Орусиянын президенти — Владимир Путин
 
КЭДР лидери — Ким Чен Ын
 
Камбоджанын падышасы — Нородом Сиамони
 
Вьетнамдын президенти — Лыонг Кыонг
 
Лаостун президенти — Тхонглун Сисулит
 
Индонезиянын президенти — Прабово Субианто
 
Малайзиянын премьер-министри — Анвар Ибрагим
 
Монголиянын президенти — Ухнаагийн Хурэлсух
 
Пакистандын премьер-министри — Шахбаз Шариф
 
Непалдын премьер-министри — Кхадга Прасад Шарма Оли
 
Мальдивдин президенти — Мохамед Муиззу
 
Казакстандын президенти — Касым-Жомарт Токаев
 
Өзбекстандын президенти — Шавкат Мирзиёев
 
Тажикстандын президенти — Эмомали Рахмон
 
Кыргызстандын президенти — Садыр Жапаров
 
Түркмөнстандын президенти — Сердар Бердымухамедов
 
Беларус президенти — Александр Лукашенко
 
Азербайжандын президенти — Ильхам Алиев
 
Армениянын премьер-министри — Никол Пашинян
 
Ирандын президенти — Масуд Пезешкиан
 
Конгонун президенти — Дени Сассу-Нгессо
 
Зимбабвенин президенти — Эммерсон Мнангагва
 
Сербиянын президенти — Александр Вучич
 
Словакиянын премьер-министри — Роберт Фицо
 
Кубанын лидери — Мигель Диас-Канель
 
Мьянманын убактылуу президенти — Мин Аунг Хлаинг
 
Кытай 3-сентябрда Бээжиндеги Тяньаньмэнь аянтында Кытай элинин япон баскынчыларына каршы согуштагы жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата аскердик парад өткөрөт.
 
«Синьхуа» агенттигинин маалыматына ылайык, парад учурунда Кытай армиясынын аба күчтөрү бир катар истребителдерди, анын ичинде жаңыланган үлгүлөрүн көрсөтүшөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз