Жекшемби күнү абанын температурасы төмөндөйт

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, алдыдагы 7 күндө республика боюнча аба ырайы жылуу болот. Бирок жекшемби, 31-август күнү кескин суук түшүп, дээрлик бардык аймактарда күндүзгү температура 10°ка төмөндөйт.

Бишкек
Шаарда жума жана ишемби күндөрү күндүз +34…+36° чейин ысык болот, бирок жекшембиде температура +23…+25° чейин түшөт. Түнкүсүн +9…+11° күтүлөт. Дүйшөмбүдөн тарта акырындап жылуулай баштап, жуманын аягына чейин +30…+32° чейин көтөрүлөт.
 
Ош
Ош облусунда жума күнү аба +35…+37° чейин ысып, ишембиде +33…+35° болот. Жекшембиде күндүзгү температура +29…+31° чейин түшүп, түнкүсүн +15…+17° болот. Андан кийин аба кайра жылып, +32…+34° жетет.
 
Чүй облусу
Чүй өрөөнүндө жума күнү +32…+37° болсо, жекшембиде +23…+28° чейин түшөт. Түнкүсүн +7…+12°. Жуманын аягына чейин +28…+33° чейин көтөрүлөт.
 
Талас облусу
Таласта жекшембиде күндүз +19…+24° гана болуп, түнкүсүн +4…+9° чейин сууктайт. Кийин температура акырындап көтөрүлө баштайт.
 
Нарын облусу
Бул жерде температуранын айырмасы эң катуу сезилет. Ишембиде Нарында +28…+30° болсо, жекшембиде күндүз +23…+25° болот. Тоолуу райондордо түнкүсүн –3° чейин үшүк болушу мүмкүн.
 
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көл жээгинде жума жана ишемби күндөрү +25…+30° болсо, жекшембиде +18…+24° чейин түшөт.
 
Жалал-Абад жана Баткен облустары
Жалал-Абадда жумадагы +33…+35° ысык жекшембиде +29…+31° чейин төмөндөйт. Баткенде да температура +31…+33°тан +26…+28°га түшөт.


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз