Жогорку Кеңештин жайкы эс алуудан кийинки сессиялары башталды

1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын V сессиясы расмий түрдө ачылды, деп жазат "АКИпресс" басылмасы.

Депутаттар оңдоп-түзөөдөн өткөн жыйындар залында отурум өткөрүп жатышат. Май-июнь айларында ремонт иштери жүрүп жаткандыктан, жыйындар мурдагы Өкмөт үйүнүн имаратында өткөн.
 
ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламент имаратынын үч жылдык оңдоп-түзөөсү аяктаганын билдирди. Ал оңдоого жардам көрсөткөнү үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.
 
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйын түрүндө өткөрүлүп, сентябрдын биринчи жумуш күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнунун акыркы жумуш күнүнө чейин уланат.
 
Бишкектин борборунда жайгашкан Жогорку Кеңештин имараты 1984-жылы пайдаланууга берилген жана 4,5 гектар аянтты ээлейт. Жыйындар залынын акыркы капиталдык ремонту 2010-жылы жасалган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз