Дмитрий Биволдун маеги социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты

23-февралда Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өткөн беттеште Бивол атаандашы Артур Бетербиевди жеңип, жарым оор салмак категориясында абсолюттук чемпион наамын алган.
Дмитрий Бивол буга чейин интервью берип, ал СССР учурунда туулганын, азыр Советтер Союзу жок экенин айткан.
"Биринчиден, мен ал жакта туулганмын. Ал жакта балалыгым абдан сонун өткөн. Менин мекеним Советтер Союзу, анткени, мен туулган учурда СССР ыдырай элек эле. Мен Советтер Союзунда туулганмын. Азыр ал жок. Мен Советтер Союзунун адамымын. Мен СССРдин жаркын мисалындагы адамымын. Себеби, мен атам молдован, апам корей кызы, мен Кыргызстанда туулгам, орусча сүйлөйм, Орусияда жашайм. Мен мына ушундаймын",- деген Бивол.
Бул билдирүү кыргыз социалдык тармагында кызуу талкуу жаратып, колдонуучулардын пикирлерин экиге бөлдү. Айрымдары Бивол эмне үчүн «Кыргызстанда туулуп-өскөнмүн» деп айткан эмес деп нааразы болушса, башкалары анын сөзүндө эч кандай маселе жок экенин белгилеп, спортчуну колдоого алышкан.
Учурда бул тема коомчулук арасында активдүү талкууланып, ар кандай пикирлер айтылууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.