Улуттук банк дагы бир алдамчылык схемасы тууралуу эскертет
Белгисиз адамдар Instagram социалдык тармагында тез акча табуу боюнча жарнамаларды жайылтууда, деп билдиришти Улуттук банктан.
Байланыш орнотулгандан кийин алар каттоодон өтүүнү сунуштап, жасалма крипто-капчык түзүшөт. Анда сиз тапкандай болуп көрүнгөн акчалай каражат чагылдырылат. Кирешенин чыныгыдай көрүнүшү үчүн алдамчылар жалган баланс көрсөтүшөт. Андан соң алар Western Union системасы аркылуу эл аралык акча которууларга чектөө коюлганын айтып, акчаны чыгарып алуу үчүн которуулардагы лимитти өчүрүү боюнча комиссия төлөп берүүнү талап кылышат.
Улуттук банк бул – алдамчылык экенин эскертет.
«Мындай билдирүүлөргө жана чалууларга ишенбеңиздер жана эч качан акчаңызды тааныш эмес адамдарга которбоңуздар. Эгерде күмөн саноо пайда болсо, маалыматты расмий булактардан кайрадан текшериңиздер», – деп кеңеш беришет Улуттук банктан.
Улуттук банк жарандарга мессенджерлер аркылуу расмий документтерди жөнөтпөйт, акча которууну суранбайт жана жеке адамдарды тейлебейт.
Эгер сиз алдамчылардын курмандыгы болуп калгандыгыңызды түшүнсөңүз, банк картасын дароо жаап, тез арада укук коргоо органдарына кайрылышыңыз керек, деп эскертет Улуттук банк.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.