Өзбек акыны Шухрат Ориф: "Кырк дабан, ашууну калтырдым"
Шухрат Ориф (Орипов) – 1981-жылдын 6-октябрында Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунда төрөлгөн. Өзбекстан Улуттук университетинин журналистика факультетинде бакалавр жана магистратура баскычтарын аяктаган. Өзбекстан Республикасы Президентинин алдындагы Мамлекеттик жана коомдук курулуш академиясында билим алган. Коомдук байланыштар жана эл аралык мамилелер боюнча магистр даражасына ээ.
Өзбекстан Жазуучулар союзу жана ТҮРКСОЙ Жазуучулар биримдигинин мүчөсү. Көптөгөн эл аралык адабий жыйындардын катышуучусу. 2020-жылы «Мен асыл адам эмес, ашык жар элем», 2022-жылы «Шам добушу» аттуу китептери жарык көргөн. «Шухрат» медалы жана «Достук» ордени менен сыйланган. Учурда «Бизнес өнүктүрүү банкынын» башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштейт. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.
Ырлар
Которгон: Гүлүмкан Исаева
*
Ортобузда жыйырма күз бар,
Жыйырма бейбаш көктөм бар.
Ортобузда — бактылуулар,
Биз — бактылуу карыптар.
Ортобузда — үнсүз жылдар,
Миллиарддаган адамдар.
Ортобузда — дудук көңүл,
Дүрбөлөңдүү тынчтык бар.
Жолугуу бар ортобузда,
Бак тургузган бийик дар,
Жыйырма тамчы көз жаш, анан
Жалыны өчпөс билик бар.
Ортобузда чарчайт тагдыр,
Кимдер келип, ким кетпейт.
Ортобузда жашайт дүйнө,
Бирок, бизге дем жетпейт.
Ортобузда сүйүүбүз бар,
Жанды үнсүз бөлүү бар.
Өлүмдү да суктандырып,
Атыңды атап өлүү бар.
КАР. МЕН жана СҮЙГӨН ЖАР
Кар каткырат тереземде,
Эрк түшкөндөй асмандан.
Кусалыктан ээрчийт издер,
Сени издеп баскандай.
Өмүр көккө сапырылып,
Тереземден түшкөндөй.
Дагы күттүм келериңди,
Сени издеп күткөндөй.
Кар каткырат тереземде,
Мен мелтиреп караймын.
Сенсиз кардай ээрип, эркем,
Атыңды ичтен атаймын.
**
Мына кайра мага кайтарып,
Алып келди тагдыр өзуңдү.
Мына кайра дагы аргасыз,
Күнөө менен келдик жүзмө-жүз.
Көзүңдө жаш мына кайрадан,
Күрсүнөмүн ага жүйөө бар.
Айтары не эриндериңдин…
Аяп турат бизди күнөө да.
*
Аядым окшойт мен сизди,
Аягым келип өзүмдү.
(Каректер кокус тийишсе,
Ала албайт элем көзүмдү.)
Аядым окшойт мен сизди,
Утурлап чыкпай атайын.
(Жагамын депмин мен сизге,
Абийирден кетсем ансайын.)
Аядым окшойт мен сизди,
Теңирдей болуп аяйм деп.
(Кучагым отко ыргытсам,
Кучагын ачты мага Эрк!)
Аядым окшойт мен сизди,
Атымды атап жүрсөңүз.
(Атайын узак жашадым,
Эртеңин ойлоп дүйнөнүн.)
АЙЛАНА
Жалбырактар шыбырашат суроолуу,
Шуулдашат шамал коштоп бариктер.
Ашыгышат тазарууга кайрадан,
Бак-дарактар тонун чечкен таризде.
Ойдо жокто болуучудай бир укмуш,
Отургучтар алда кимди күтүшөт.
Эгер кудай пенделерин сүйбөсө,
Айрылуунун ачуу даамын билгизмек.
Көк жиберген күндөр — жаңы мүмкүндүк,
Өз огунда Аалам тегиз термелип
Базар көздөй бара жатат бир киши,
Турмуш муңун ырга салган өңдөнүп.
*
Кырк дабан, ашууну калтырдым.
Алдыда не күндөр жарышы?
Кайрат жок жетүүгө чаптырып,
Калууга жол бербейт намысым.
Тагдырым боёксуз сүрөттөй;
Ак-кара, ак-кара, ак-кара…
Башымда добулбас урамын,
Дооруңду ырдаймын таманда.
Өмүрүм куштардын данындай,
Кокондон Ташкентке чачылган.
Көңүлдүн түбүнө жанымдай,
Бир кооз кумура катылган.
Адамга окшосом кээ күнү,
Кээ күнү адамга зарыгам
Ойгонсом өңүмдө жер жүзү,
Уктасам уктатпас жарым бар.
Топурак, өзүңдөй жакын жок,
Булуттай аманат өздөр бар.
Бармагым тиштегим келет, эх,
Батынбайм, көздөр бар, сөздөр бар.
Атам бар, энем бар бүтүнмүн,
Боорумда бактылуу аял бар.
Болбосо жашоодо кантмекмин,
Оо, жакшы, кыял бар, кыял бар!
Кырк дабан, ашууну калтырдым.
Алдыда не күндөр жарышы…
Башкалар сыяктуу бактылуу
Жашоого жол бербейт намысым.
КАЪБАДА
Кыялдай жолдорум — чексиздик,
Бу жолдо жел болуп, желдим мен.
Кудайым, ачылсын эшигиң,
Өзүмдү ээрчитип келдим мен.
Башка бир жолго кул кылбадым,
Өмүрүм өзүңдөн башталат.
Жолдордун баардыгы кыйрады,
Жан кайра өзүңдөн жай табат.
Тирүүлүк, өмүрүм көз ачкан —
Турмуштан чегерген белетим.
Бутум — жер, көңүлүм — көк асман,
Өзүңдөн кабарым күтөмүн.
Кайрат жок ыйлоого, чөгүүгө,
Тагдырым үстүмөн көп күлөт.
Кыялдай жолум бар өмүрдө,
Дарегим жолума тигилет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.