Дүйнөлүк бестселлер Ошто: Ош улуттук драма театрында "Гарри Поттердин" спектакли коюлат

С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында дүйнөлүк бестселлер,  балдардын сүймөнчүгүнө ээ болгон  “Гарри Поттер” чыгармасынын негизинде спектакль даярдала баштады. 
 
Улуу Британиялык жазуучу Жоан К.Роулингдин 67 тилге которулуп, жалпы 500 миллион нускада жарык көрүп, көптөгөн көркөм тасмалар тартылган фантастикалык курч окуялуу китебинин каарманы жаш сыйкырчы Гарри Поттер менен эми оштук жаш көрүүчүлөр да сахнадан тааныша алышат.
 
Спектаклди коюу үчүн Казак эл артисти, дүйнөгө белгилүү режиссер Бекпулат Парманов чакырылган. Жоан К.Роулингдин фантазиялык жанрда жазылган сыйкырчы бала Гарри Поттердин окуялары жөнүндө 7 томдук “Гарри Поттер” китебинин негизинде спектаклдин инсценировкасын да өзү даярдаган. 
 
Режиссер Б.Парманов Ош улуттук драма театрында коюла турган драмалык чыгарма буга чейин Гарри Поттер жөнүндө тартылган көркөм тасмаларды жана дүйнө театрларында коюлган спектаклдерди туурабаган оригиналдуу вариантта болорун белгилейт.
Б.Парманов: “Гарри Поттерди” Ош театрында коюу максаты менен келгенимде алгач мектеп окуучуларынын арасында мониторинг жүргүзүп, балдар сахнадан Гарри Поттерди көрүүнү каалашарын билдим.  
 
Эмне үчүн жаш жеткинчектер сыйкырчы баланы жакшы көрүшөт? Бул чыгармада Гарри жамандык, кара ниет сыйкырчылык, кыянаттык менен күрөшүп жеңип чыгат. Ал жаш көрүүчүнү адилеттиктен тайбоого, коркунучту жеңүүгө жана туура тандоо жүргүзүүгө шыктандырат. 
 
Бул эксперименталдык иш болот. Фэнтези жанры фантазияны кеңири иштетүүгө толук мүмкүндүк берет. Ошондой эле спектакль өтө кыймылдуу: бий, күрөш элементтери, курч окуялар жана фантастикалык көрүнүштөр балдарды сыйкырдуу дүйнөгө жетелейт. Жаш көрүүчүлөр ыраазы болот деген ишеничтемин ”. 
Ош улуттук драма театрында балдар үчүн “Гарри Поттер” спектаклин коюунун демилгечиси, театрдын көркөм жетекчиси, КРдин эмгек сиңирген артисти Топчубай Досбаев:
 
– Кыргыз театр чөйрөсүндө балдар үчүн спектаклдер дээрлик жок. Жаш жеткинчектер театрдан өзүнүн жашына ылайык жакшы спектакль көрүшсө өмүр бою эсинен чыккыс таасир алышат. Сахнадан көзмө-көз жакшылык менен кыянаттык, достук менен чыккынчылык, кайрымдуулук менен таш боордук сыяктуу адамдык баалуулуктарды тааныйт. Театрдын сыйкырдуу дүйнөсү балдардын фантазиясын өнүктүрөт жана чыгармачылыкка түрткү берет.
 
Мына ушундай муктаждыкты эске алуу менен жаш көрүүчүлөрдү театрга тартуу жана алардын талабына жооп бере турган заманбап, кызыктуу спектакль коюуну чечтик. Жаштар арасында иликтөө жүргүзүп көрсөм дүйнө балдарынын сүймөнчүгүнө ээ болгон жана азыркы жаш муунга өтө популярдуу чыгарма “Гарри Поттер” экен. Бул чыгарма балдарга 7 томдук китеби жана 9 сериялуу көркөм тасмасы менен белгилүү эмеспи. Ал эми Англиянын атактуу театрынан башка дүйнөлүк театрларда спектакль катары коюла элек. 
 
Чыгармачылык жаңычылдыкка даяр, өсүү жолунда келаткан театр ишмерлерибиз ушул спектаклди коюуга бел байлап, режиссерлукка дүйнөлүк атак-даңкка ээ, белгилүү режиссер, Казак Эл артисти Бекпулат Пармановду чакырдык. Бекпулат Саттарович биздин сунушту кабыл алганына өтө кубанычтабыз. Бул чыгаан профессионал режиссер менен иштешүү биздин актерлор үчүн да чоң тажрыйба жана мастер-класс болду. Азыркы убакта спектаклди даярдоо аягына чыгайын деп калды. Буюрса, 17-мартта премьера! – деди толкундана. 
 
Режиссер Б.Парманов спектаклдин актерлор тобун түзөөрдө башкы кейипкерлер Гарри Поттер менен Кара Лорддун ролун аткаруучуларды көпкө чейин тандап, ойлонуп жүрдү. Бир топ сыноолордон кийин жаш актер Нурилим Нурлан уулуна Гарри Поттердин, ал эми Акбарали уулу Саматка Кара Лорддун ролу ишенип тапшырылды.
Нурилим Нурлан уулу: Жакында биздин театрда чоң жаңылык болот деп айта алам. Анткени биз дүйнөлүк классикага айланган "Гарри Поттер" чыгармасын даярдап жатабыз. Адегенде  бул спектаклди коёбуз дегенде баарыбыз чочулаганбыз. Кандай болор экен, колубуздан келеби деген күдүк ойлор жаралбай койгон жок. Анын үстүнө "Гарри Поттер" жөнүндө спектакль буга чейин бир гана Кыргызстанда эмес, КМШ өлкөлөрүнүн атактуу театрларында да коюла элек экен. Биринчи жолу биздин театрда коюла турганы кыргыз театр чөйрөсүндө да чоң жаңылык. 
 
Спектаклди коюу үчүн Казакстандан атактуу режиссер Бекпулат Парманов келди. Алгач биз менен жолуккан спектаклди коюу боюнча өзүнүн идея-ойлорун бөлүштү. Ал  өз ишин өтө жакшы билген өтө кесипкөй, күчтүу режиссер экен. Биз ынандык жана Пармановдун режиссердук дараметине ишендик. 
 
Мен үчүн башкы ролду даярдоо өтө татаал жана кызыктуу болуп жатат. Актердук чеберчилик боюнча жаңы тажрыйбага ээ болдум. Кесибиме болгон кызыгуум жана жоопкерчилигим артты. Буга чейин балдардын сүйүктүү каарманы болгон Гарри Поттерди жаш көрүүчүлөргө жаккандай кылып аткаруу үчүн бардык күч-аракетимди жумшап жатам. 
 
Спектаклде жаш сыйкырчы Гаррини колдоого алып, өз өмүрүн тобокелдикке салган жана душмандарынын колунан каза тапкан ак ниет жана боорукер мектеп директору Дамблдордун ролун аткарган белгилүү актер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Солтобай Кулбаев ой бөлүштү:
–Режиссер Бекпулат Саттарович мени чыгармадагы Хогвартс көз боочулук жана сыйкырчылык мектебинин директору Дамблдордун ролуна дайындаганы бекеринен болбосо керек. Гриммденип, ролума кире баштаганымда сырткы кейпимден тартып жүрүм-турумума чейин “Гарри Поттер” көркөм тасмадагы кейипкер Дамблдордун өзүнө оппокшош болуп чыктым. Дамблдор ак ниет сыйкырчы Гаррини колдоого алып, өлөрүндө өзүнүн сыйкырдуу таякчасын ага тапшырып кетет. Албетте, бул ролдо режиссердун жардамы менен өз алдымча образ түзүүгө аракеттенип жатам. Ар бир роль биринчи жолу сахнада ойноп жаткандай катуу изденүү жана жоопкерчилик менен жаралат эмеспи. Бул спектаклде пластика, бий, күрөш кыймылына, сүйлөө чеберчилигине машыгуу катуу жүрүүдө. Буюрса, 17-мартта премьерага келгендер баа беришет. Бирок “Гарри Поттер” балдарга да, чоңдорго да бирдей жага турган спектакль болот деп көрүүчүлөрдү чакырып кетем. 
 
Ак ниет сыйкырчылардын династиясын улантуучу Гарринин бакма энеси Минерванын ролун аткаруучу актриса, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Насияткан Шамшиева бул спектаклдин актердук тобунда иштеп жатканына кубанычын билдирди:
 
– Жыл башында биздин театрдын көркөм кеңешинин отурумунда “Гарри Поттер” коюу жана ал үчүн Казакстандан режиссер чакыруу сунуш жасалганда адегенде бир тобубуз бушайман болгонубуз чын. Андан көрө эл аралык фестивалдарга катыша турган олуттуу спектакль даярдабайлыбы деп ойлогонбуз. Режиссер келип, биз менен бетме-бет сүйлөшүүдө театрыбызда “Гарри Поттерди” коюу чоң ийгилик жаратарына ишене баштадык. Казакстандан келген атактуу режиссердон чыгармачылык көп баалуу тажрыйба алдык. Албетте, Бекпулат Саттарович талапты катуу коюп жатат. Тер төккөн эмгегибиз жакшы ийгиликтерди жаратат деп ишенем. Биздин спектаклди көрүп кетүүго бардыгыңыздарды чакырам! 
 
“Ошентип чоң жамаат менен даярдалып жаткан “Гарри Поттер” спектаклди даярдоо аяктап калды. Биздин көрүүчүлөрүбүз бул чыгарманы сахнадан көрүүнү чыдамсыздык менен күтүп жаткан учур. Алардын күтүүсү акталат деген ойдобуз. Театр жетекчилиги спектаклдин жаралышына керектүү шартты камсыздап берүүгө аракеттенип жатабыз. Учурда театрдын жамааты бардык күч-аракетин “Гарри Поттердин” ийгиликтүү чыгышына жумшап жатат. 
 
Мен театр сүйүүчүлөрүн 17-18-март күндөрү Гарри Поттердин сыйкырдуу дүйнөсүнө, эсти оодарар курч окуялуу спектаклинин премьерасына  чакырып кетем. Гарри Поттер менен Кара Лорддун финалдык кармашы: кимиси жеңет?! Спектаклге келип, сүйүктүү каарманыңыздын улуу жеңишине күбө болуңуз! 
 
“Гарри Поттер” – бул балдар сүйгөн жана күткөн спектакль! – деп билдирди Ош улуттук драма театрынын директору Керимбек Калыкулов.


Зинакан Пасанова.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз